Социалдык фонд адилетсиз пенсия саясатын жүргүзөт, – Токторбаев

Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиевге суроо берип жатып Жеңишбек Токторбаев кеп кылды.

25 жыл мугалим болуп иштеген жаран жана ошончо убакыт сот болуп иштеген жаран канча пенсия алат? Мындай суроону бүгүн парламент жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге берди.

“Айлыгына жараша болот. Болжолдуу түрдө да айта албайм, Себеби аны эсептеп чыгуу керек”, – деди Алиев.

Депутат бул жерде абдан чоң айырмачылык бар экенин билдирди.

“25 жыл мугалим болуп иштеген чор таман 5 миң сом пенсия алат. Ал эми өмүр бою элди талап, тоноп жеген сот 100 миң пенсия алат. Соттор 15 жылдан 20 жылга чейин иштесе 1,5%, 20 жылдан 25 жылга чейин иштегендер 2%, ал эми 25 жылдан ашык иштегендер 2,5 % үстөк акча алышат. Биздин соттор таза, гумандуу, адилеттүү болуп кеттиби? 

Мындай шарттар менен соттор 2010-жылдан тартып, соттордун статусу жөнүндө мыйзамдын негизинде пенсия ала башташкан. Эгер 15 жыл иштеген сот 40 миң ала турган болсо, аны 1,5 эсеге көбөйтсө 60 миң алат. Эгер 25 жыл иштеген сот 40 миң алып, аны 2,5 эсеге көбөйтсө анда 100 миң сом алат. Бул абдан адилетсиздик. Социалдык фонд адилетсиз пенсия саясатын жүргүзөт. Сиз ушул маселе боюнча жетекчи катары министрилер кабинетине кайрылдыңызбы?”, – деп сурады депутат.

Алиев бул боюнча министрлер кабинетине сунуш бере албастыгын билдирди.

“Соттор “Аскер кызматкерлерин социалдык камсыздоо” мыйзамынын негизинде пенсия алышат. Ал мыйзам боюнча социалдык фонд иштебейт. Ошол мыйзамга кирген ведомстволор өз алдынча иш алып барышат. Бул боюнча министрлер кабинетине сунуш бере албайбыз. Ал эми пайыздар боюнча айтсак, анын баары Жогорку Кеңештен өтөт. Бизге кандай мыйзам түшсө, ошонун негизинде гана иш алып барабыз”, – деп билдирди Алиев.

Депутат Соцфонддун жетекчисинен ушул саясат туурабы деп сурады.

“Биз ал ведомстволордун пенсиялык саясатын жүргүзбөгөндүктөн, мен баа бере албайм”, – деди Алиев.