Тик Ток’то 8 млн катталуучу чогултуп, видеолору 90 млн көрүүгө жеткен кыргыз жигит ким?

Тик Ток социалдык тармагында дүйнөнү таң калтырып, миллиондогон катталуучуларды чогулткан блогерлерди көрүп эле келебиз. Ал эми кыргыздын жөнөкөй жигити Тик Ток аркылуу жылдыз болуп, миллиондогон көрүүлөрдү чогултуп жатканын элестетүү кыйын болчу. Бирок, Арген Керимов аттуу Токмоктон чыккан 20 жаштагы блогер азыркы маалда аталган соцтармагында 8,5 млн катталуучуну топтоп, тарткан айрым видеолору 60, 90 млн көрүү чогултууда.

Argenby аты менен таанымал болуп, өзүнүн бир башкача мимикасы аркылуу дүйнөдөгү алдынкы блогерлердин көңүлүн бура алды. Аргендин айтымында бул мимика Голливуддун атактуу актеру Кристиан Бэйл катышкан  “Американский психопат” деген АКШ фильминен алынган.

Башынан эле калың элге таанымал болгусу келген Арген Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын колледжинде окуп жатып окуусун аягына чыгарбай таштап койгон. Апасы анын бул чечимине каршы болуп, блогерлик менен акча таба албай турганын, өз жанын бага албай турганын айткан.

Арген окуусун таштаган соң жеке ишкерлик менен алек болуп, иши оңунан чыкпай ал тармакты да таштоого аргасыз болгон. Ошол маалда Тик Ток’ко ролик тартып көрүүнү чечип алгачкы кадамдарын жасай баштаган. Ага учурда белгилүү блогерлер Хаби Лейм, Иран Феррейра (топ тээп “ресеба” деген жигит), Мистер Бист жана Зенит футболдук клубу катталган.

Кызыгы Арген Керимов кичинесинен видео эмес жада калса үй-бүлөлүк сүрөттөргө түшкүсү келчү эмес. Камерага тартылуудан коркконуна карабастан, аны жеңип чыгууга бел байлап азыр миллиондук аудитория топтоду.

Жакында аны кыргыз сериалдарынын бирине тартылууга чакырышып, бирок актерлук чеберчилиги жана оратордук жөндөмү болбогону үчүн окшоштура алган эмес. Бирок, алдыда эгер сунуш түшсө дагы тартылып көрүүгө кызыкдар экенин айтууда.

Азыркы маалда Argenby реклама менен иштебейт. Instagram, Tik Tok жана You Tube тармактарында чоң акча табууга мүмкүнчүлүгү болсо да, аудиториясын кеңейтүү менен алектенүүдө.