Нарын облусунун Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалганын Булак.кжге УКМКдан билдиришти.
2022-жылдын 7-декабрында КР УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте, «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн, күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде эл үчүн жеңилдетилген арзан баада аныкталган №24 бөлүмдөн, «Саяк» каймана аты бар К.М. жана "Мики Чор" каймана аты бар Ж.М. аттуу Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды.
Эскерте кетсек, буга чейин күзгү-кышкы жылытуу мезгилинде өлкө жетекчилиги Кара-Кече көмүр кенинин №24 профилдик участогун эл үчүн тоннасына 4000 сомдон арзан баада аныктаган.
Ошентип, К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.
Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.
![WhatsApp Image 2022 12 08 at 13.00.37 1 Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү кармалды, - УКМК](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2022/12/WhatsApp-Image-2022-12-08-at-13.00.37-1.jpeg)