Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиев канча маяна аларын жар салды

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев Социалдык фонддун төрагасы Бахтияр Алиевден канча жашта экенин жана канча маяна аларын сурады.

Алиев 44 жашта экенин айтып: “50 миң сомдун тегерегинде маяна алам. Анын 10 пайызын, 5 миң сомун кармап калат”, — деп жооп берди.

“Пенсияга чыгып калсаңыз, пенсияңыз канча сом болот?”, — деп сурады депутат.

Социалдык фонддун төрагасы аны эсептеп чыгуу керектигин айтты.

“Мен эсептеп койдум. Сиз 50 миң сомдун тегерегинде пенсия аласыз. Урматтуу министр, Социалдык фонддо адилетсиз саясат жүрүп жатат. Себеби, пенсия көбөйгөн учурда пенсияны чоң көлөмдө алган пенсионерлерге 10-15 миң сомго чейин кошулат. Ал эми пенсияны аз алган пенсионерлерге 500-1000 сомдун тегерегинде пенсия кошулат. Бул адилетсиз саясат. Чоң көлөмдө алган пенсионерлер баягы эле жылуу иш бөлмөдө отурган чиновниктер. Кедей жашаган калкка болгону 500 сом кошулат”, — деди Токторбаев.

Ал эми Бахтияр Алиев бул боюнча депуттын сынына жооп берди.

“Кызматкерлердин маянасынан 10% кармалат. Иш берүүчүдөн 17 пайыз кармалып алынат. Жалпысынан 27% төлөнөт. Мисалы, мугалим айына 20 миң сом маяна алып жатса, айына ал 5 миң сом Социалдык фондго төлөп берет. Ошол эле учурда фермерлер бар. Алар мал-жандыгын сатып, айына 7 миң сом Социалдык фондго төлөйт. Ким азыраак төлөсө, ошого жараша пенсия алат, пенсиясы ошого жараша көтөрүлөт. Социалдык принцип ошондой”, — деди Бахтияр Алиев.