“Кыдыршаевич 6 саат туруп турган”. Токторбаев Социалдык фонддун жетекчисин сынга алды

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясы менен “Мекенчил” депутаттык тобунун жыйыны өтүп жатат. Жыйын залында депутат Жеңишбек Токторбаев Социалдык фондду жетектеп жаткан Бактияр Алиевден суроолорго трибунадан жооп берүүнү талап кылып, ордунан тургузду.

Депутат Токторбаев Алиевдин жашын сурады.

Алиев 44 жашта экендигин айтты.

“Жаш эле турбайсызбы, анда. Трибунага чыгыңыз. Өткөндө Кемпир-Абад маселесин караганда сизден 10 жаш улуу, урматтуу генералыбыз Камчыбек Кыдыршаевич трибунада 6 саат турду. Урматтуу президентибиз айтты: “отуруңуз”, – деп. “Жок мен элдин алдында, депутаттардын алдында туруп турам деп”, – 6 саат турду. Сиз эмне жарым саатка тура албайсызбы? Бала экенсиз”, – деди Токторбаев.

Депутаттын бул сынына Алиев уруксат бергени үчүн отурганын билдирди.

“Уруксат берсе “мен жашмын, уят, депутаттардын алдында туруп турайын” деп жооп бербейсизби”, – деди депутат.

Андан соң Социалдык фонддун төрагасы трибунага чыкты.

YouTube video