Мугалимдерге айлыгы кечиктирилсе, директорлорго чара көрүлөт

Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов билим берүү мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлерге айлык төлөөнү ар айдын бешинен кечиктирбөө боюнча кат жолдоду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Катта эгерде айлык-маянаны төлөөдө кечигүүлөр орун ала турган болсо, мекеме жетекчилигине дисциплинардык чаралар колдонулары айтылат.