Баткен облусунун милициясы чек арадан мыйзамсыз өткөн жаранды кармады

Бул туурасында Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Баткен ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн “Экстремист” операциясынын жүрүшүндө мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү фактысы аныкталган.


Маалыматта, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жергиликтүү тургун 1957-жылы туулган М.М. Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө, – деп айтылат.