Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Ысык-Көл жана Талас облустарынын аймагындагы мектептерде дин таануу боюнча сабак берген мугалимдерге, социалдык педагогдорго «Коомчулукта радикалдашууну жана диний экстремизмди алдын алууда мамлекеттик органдар менен иштѳѳнүн теориялык жана практикалык негиздери» аталыштагы семинар ѳткѳрүлдү.

9236de69 45da 4c10 991d 60b5b012318d Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды


Аталган семинарды ИИМдин ЭММКАКтын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев “Кыргызстандагы диний радикалдашуунун алгачкы белгилери жана аларды алдын алуу”, “Экстремисттик жана террористтик уюмдардын, материалдардын коркунучтары, өзгөчөлүктөрү”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты” аттуу темалар боюнча атайын даярдалган слайддар аркылуу баяндамаларды жасап, видеотасмаларды көрсөттү.


Ошондой эле, окуучулардын экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдарга азгырылуусун алдын алуу максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүштү.
“Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча усулдук китепчелер, буклеттер, эстеткичтер таратылды”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, бул иш-чара “Борбор Азиядагы Евразия фонду” коомдук фонду жана ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы менен биргеликте ѳткѳрүлдү.


c8afb9e9 a967 4121 b5d1 3d57130bc416 Ысык-Көл жана Талас облустарынын мугалимдери менен экстремизмди алдын алуу маселеси талкууланды