Депутат: “Бишекете суу тартыш болуп жатса, мэр Сочиде жүрөт”

 Бул тууралуу депутат Балбак Түлөбаев бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Жок дегенде вице-мэрлерди жайына койгула, улам алмаштыра бербей. Бишекете суу тартыш болуп, Арча-Бешик конушунда элдер ызы-чуу түшүп жатса мэр Сочиде жүрөт. Элди ойлош керек да”, – деди Түлөбаев.

Ал өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, вице-мэрлерди алмаштырбоону жана суу маселесин чечүүнү өтүндү.

Депутаттын пикиринде вице-мэрлер иштин көзүн таба билишет.