Бир жумада 51 мас абалындагы айдоочу аныкталды

Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

2023-жылдын январь айдын 20-күнүнөн 26-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5878 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:

  • 51 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
  • 2 айдоочу автоээнбаштык үчүн;
  • 37 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү;
  • 3224 жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн;
  • 71 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу;
  • 150 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
  • 1313 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
  • 1030 башка бузуулар;
  • 690 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
    Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.