Мэриянын кызматкерлери мыйзамсыз айлык алып жүрүшкөн

Прокуратура тарабынан Финансы министрлигинин Бишкек шаардык финансы башкармалыгында борбор калаанын өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды пайдалануунун мыйзамдуулугуна карата текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүдө, ар ай сайын эки маянанын өлчөмүнө чейин мыйзамсыз жогорулатуу менен кошумча үстөк акы төлөнүп келгендиги аныкталган.

«2021-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Бишкек шаардык кеңешинин «Бишкек шаарынын 2021-2022-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө» токтомдору менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз кошумча үстөк акылар каралган. Натыйжада, бюджеттик каражаттардын 781 млн 397,3 миң сомдун мыйзамсыз чыгымдалышына жана анын ысырапкорчулугуна жол берилип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген»,-деп жазылат маалыматта.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.