УКМК: Ноокен районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты

 Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасындагы диний-экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык иш-чаралардын алкагында ЭТУнун «Хизбут-Тахрир» мүчөлөрүнөн баш тартуу боюнча иш-чаралар улантылууда. 
 "Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын жарандары: 1967-жылы туулган А.А.Т., 1977-жылы туулган А.Т.К., 1978-жылы туулган Т.А.А., Р., 1979-жылы туулган Ю.Р.М. жана 2000-жылы туулган Х.Ш.Ш. аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургундары экстремисттик идеологиядан эл алдында баш тартышкан. Бул адамдар мурда «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик идеологияны активдүү жайылтып келишкен", - деп айтылат маалыматта.
 Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алдырбоого чакырышты.
 КР УКМК тарабынан тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун катарына жаңы тарапкерлердин тартылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.



WhatsApp Image 2023 03 14 at 08.03.10 2 УКМК: Ноокен районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты
WhatsApp Image 2023 03 14 at 08.03.10 1 УКМК: Ноокен районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты
WhatsApp Image 2023 03 14 at 08.03.10 УКМК: Ноокен районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты
WhatsApp Image 2023 03 14 at 08.03.09 1 УКМК: Ноокен районунун 5 тургуну «Хизбут-Тахрир» ЭТУнун экстремисттик идеологиясынан баш тартышты