“Кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот”: Султан Раев Түркияда жабыркагандарга палоо басып берди, – сүрөт

ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Султан Раев жер титирөөдөн жапа чеккен Түркиянын Кахраманмараш шаарына барды.

Ал Кахраманмарашка болгон сапары тууралуу мындай деп жазды:

“Түркиядагы жер титирөөдөн катуу запкы чеккен шаар Кахраманмараш. Хатайдан кийин Кахраманмарашка келдик. Кыргыз куткаруучулары ушул шаарда болду. Бул шаарда кыргыз куткаруучулары жөнүндө ар бир инсан өзгөчө сыймыктануу менен айтат. Биздин жигиттер Кахраманмарашта каармандыкты көрсөттү. 120дан ашуун боз үйлөр ушул жерге тигилген.

Боз үйлөр шаарчасына келгенде эң оболу көзүбүзгө бул жердин штабында илинип турган эки желек көзүбүзгө урунду. Кыргыз желеги чоң, түрк желеги биздикинен бир кыйла эле көлөм жагынан кичинекей экен. Түрк туугандарыбыздан бу тууралуу сураганыбызда “Эки желек көлөмү жагынан бирдей эмес, бирок кыргыз желегинин чоңдугу биздин кыргыз элине, өлкөсүнө болгон сыйыбыз, урматыбыз! Эң оор күндөрү кыргыз боорлорубуз биринчилерден болуп келди…Сиздерге ыраазыбыз! ” деп жооп берди.

Боз үйлөрдүн ар биринде жапа чеккен адамдар жашайт. Боз үйдө окуучулар сабак окуп жатат. Биздин боз үйлөрдө медпункт, психологиялык жардам, тамак ичүүчү жай бар. Түрк туугандарыбыз “Эң ыңгайлуу боз үйлөр экен!” деп, текши ооздон айтты.

Эл менен жолугуп сүйлөштүк, ал-акыбалын сурадык. Жардам бердик.

Түркиянын энергетика жана табигий ресурстары министри Фатих Дөнмез, губернатор Хайдар Мете менен бирге эл менен жолуктук.

Эң эле кызыгы Кахраманмарашта да өз колубуз менен аш жасап бердик. Жапа чеккен боордошторубуздун ыраазылык сөзүн уктук. Азап тартып, кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот”.

"Кыйналып турган адамдардын ыраазылыгы башкача болот”: Султан Раев Түркияда жабыркагандарга палоо басып берди, - сүрөт