Султан Раев Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун Генералдык секретары кызматын аткарат

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Султан Раев Түрк маданиятынын эл аралык уюму ТҮРКСОЙдун Генералдык секретары болуп бекиди. Бул тууралуу Маданият маалымат министрлигинен билдиришти.

Мындай чечим 2022-жылдын 31-мартындагы Түркиянын Бурса шаарында өткөн ТҮРКСОЙ уюумунун кезексиз жыйынында белгилүү болду. Султан Раевдин талапкерлиги ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Маданият министрлеринин чечими менен бекиди. Буга чейин бул кызматты Казак Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, мурдагы Казакстан Республикасынын маданият министри Дүйсен Касеинов аркалап келген.