«Кетет, Глеб Егорович, кетет…»: Депутат Исхак Масалиевдин билдирүүсүнө Акылбек Жапаров жооп берди

Социалдык тармактын колдонуучулары, министрлер кабинетинин башчысы жакын арада отставкага кетет деген пикирлер менен бөлүшүүдө.

Депутат Исхак Масалиев фейсбук баракчасына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун сүрөтүн жайгаштырып, «Кетет, Глеб Егорович, кетет…», — деп орусча жазган.

Ага өз пикирин жазган Эля Орозалиева атуу колдонуучуга Акылбек Жапаров жооп кайтарган.

Колдонуучунун «тилекке каршы, толтура акча, алтын менен кошо кетет» деп жазган. Жапаров ага «сөз үчүн жооп бериш керек», — деген.

2022 03 31 13 03 49 691383 «Кетет, Глеб Егорович, кетет…»: Депутат Исхак Масалиевдин билдирүүсүнө Акылбек Жапаров жооп берди

Эске салсак, буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасынын кызматтан кетээри тар чөйрөдө айтылган.

“Акипресс” маалымат агенттигинин Акылбек Жапаров өзүнүн отставкасы жөнүндө берген суроосуна болсо, “төрөлгөн адам өлөт, өкмөт башчы болгон бир күн кызматынан кетет, ал жөнүндө ойлонгон иштей албайт” – деген.