Улуу Британияда айыл чарба жумуштарына ишке орношуу үчүн кыргыз жарандарына 1000 квота бөлүндү

Быйыл Улуу Британияда айыл чарба жумуштарына ишке орношуу үчүн Кыргыз жарандарына 1000 квота бөлүндү. Бул тууралуу маалымат жыйында Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

“Улуу Британиянын “Agri-HR” компаниясы менен келишим түзүлдү. Келишимге ылайык, Кыргыз жарандары 6 айлык мөөнөттө айыл чарба жумуштарына орношконго мүмкүнчүлүк алып жатат. Аталган программа Улуу Британиянын мамлекеттик программасы. Алар менен 2024-жылдын аягына чейин келишим түзүлдү. Азыркы учурда 1000 квота бөлүндү.

Жумушка орношууну каалагандар 18 жаштан жогору болушу керек. Тандоону “Agri-HR” компаниясы ишке ашырат”, – деп билдирди Акматбеков.

Программа өтүү шарттары тууралуу шилтеме аркылуу кирип маалымат алса болот.