Төрөхан Жунусбеков Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды

Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек шаардык кеңештин жыйынында белгилүү болду.

image 59 2 Төрөхан Жунусбеков Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси болуп дайындалды

Эске салсак, Төрөхан Жунусбеков «Мекенчил» партиясынын мүчөсү болчу. 2020-жылдын октябрында Садыр Жапаровду кызуу колдогондордун бири эле.

Буга чейин, Жунусбеков MegaCom компаниясынын генералдык директорунун кеңешчиси кызматына бекитилген.