Жакырчылыктан улам өзүн жана үйүн өрттөмөкчү болгон

Соцтармактарга тараган, үрөй учурган видеону Түркстан облусунун тургуну тарткан. Анда көп балалуу эненин үйүнүн ичиндеги буюмдарга өрт коюп, үйдү толугу менен өрттөмөкчү болгонун угуп, көрүүгө болот. Ал учурда келиндин балдары жанында болгон. Бул тууралуу «Спутник Казакстан» жазып чыкты.

Видеодо балдардын кыйкырыктары угулуп, аялдын өзү бул аракетин жакырчылыктан жана элдин кысымынан чарчаганы менен түшүндүрөт. Видеодогу келиндин 4 баласы бар. 

Түркстан облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Жетысай районунун полиция кызматкерлери жана прокуратурасы аял менен балдардын абалын билүү үчүн барышкан. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуя ушул жылдын 28-мартында болгондугу аныкталган. «Балдардын ден соолугуна коркунуч жок. Өрт дароо өчүрүлгөн. Полиция кызматкерлери аялга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Үй-бүлө компетенттүү органдар тарабынан көзөмөлгө алынган»,- деп айтылат маалыматта. 

https://core.telegram.org/widgets
https://core.telegram.org/widgets https://core.telegram.org/widgets