Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозиция түзүлдү

Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм түзүлдү. Аталган кыймылдын мүчөлөрү алгачкы жыйынын Бишкектеги Горький аянтында өткөрүп, программасын жарыялады.

po Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозиция түзүлдү

Кыймыл демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Оппозициялык кыймылда саясатчылар Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, укук коргоочу Рита Карасартова жана башка активисттер бар.

opp 6 Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозиция түзүлдү
opp Бишкекте «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозиция түзүлдү

Кыймылдын координатору болуп Мамбетжунус Абылов шайланды.