Садыр Жапаров Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.

Аталган долбоор биринчи кезекте Бишкек шаарынын калкын жана Бишкек жылуулук электр борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кечеден көмүр ташуу үчүн эң арзан жол болуп саналат.

Жаңы темир жол куруунун натыйжасында өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүгө, экономиканы алдыга жылдырууга шарт түзүү, аймактарыбызды транспорт байланышы менен камсыз кылууну арттыруу жана жалпы эле өлкө бүтүндүгүн чыңдоо сыяктуу бир нече милдеттерди чечүүгө жол ачылат», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

ОЙ ПИКИР КАЛТЫРУУ

Please enter your comment!
Please enter your name here
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.