Таласта канча кар көчкү түшүрүлгөнү айтылды

Таласта 12 снаряд атылып, 26 миң 800 куб кар көчкү түшүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

«Үстүбүздөгү жылдын 30-мартында ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы майор Төрөкуловдун жетекчилиги менен кар көчкүлөрдү атып түшүрүү үчүн ыкчам топ түзүлдү. Мажбурлап кар көчкүлөрдү түшүрүүнүн негизги максаты – жол кырсыктарынын алдын алып, адам өмүрүн сактоо, облустар аралык стратегиялык жолго кар көчкү түшүүсүн болтурбоо»,- деп айтылат маалыматта.

Түзүлгөн ыкчам топ Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунда мажбурлап кар көчкүлөрдү түшүрүү иштерин уюштурушту. Анын натыйжасында жолдун 8.5-9-11-чакырым аралыгында жалпы 12 даана снаряд атылып, көлөмү 26 миң 800 куб кар көчкүсү түшүрүлдү. Иш-чаранын натыйжасында бул тилкелер коопсуздандырылды.