Абасбеков Бакыттын жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү

Бүгүн Талас областтык ички иштер башкармалыгын өздүк курамынын арасында кызмат учурунда каза болгон милициянын лейтенанты Абасбеков Бакыт Нурдөөлөтовичтин жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 13.52.57 1 Абасбеков Бакыттын жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү


Ал 2011-жылы Талас шаардык ички иштер бөлүмүндө тергөөчү кызматында өзүнүн кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон. Турнирдин башында Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Асанов Марлис сөз сүйлөп катышуучуларга ийгилик каалап өттү.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 13.52.58 1 Абасбеков Бакыттын жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү


“Ички иштер органынын катарына жаңыдан кызмат өтөп жаткан жаш кызматкердин алдыга койгон максаты өзүнүн Ата-Мекенинин бейпилдигин көзүнүн карегиндей сактап, кылмыштуулукка жана укук бузууга бөгөт коюу эле, бирок тилекке каршы ал ою ишке ашпай калыптыр. Бирок, анын ак эмгеги жана жаркын элеси биздин арабыздан эч убакта унутулбайт”,-деди өз сөзүндө.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 13.53.00 1 Абасбеков Бакыттын жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү


Турнирге облус ичинде РИИБнен турган жалпы 8 курама команда катышты. Таймаш кызыктуу жүрүп, жыйынтыгында күчтүүлүк кылып 1-орунду атайын багыттагы полк, 2-орунду Талас ОИИБи, 3-орунду Талас РИИБнин курама командалары ээлешти.

WhatsApp Image 2022 03 31 at 13.53.00 Абасбеков Бакыттын жаркын элесине арналган самбо курөшү боюнча турнир өткөрүлдү


Талас ОИИБнин басма-сөз кызматы