Исманкулов иштеп жаткан мекеме эле эмес, жабдыктар да мамлекеттики, – Алымкадыр Бейшеналиев

Cаламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан Исманкуловдун Көз микрохирургиясы жайгашкан ооруканага келди. Саламаттыкты сактоо министри өз сөзүндө «Протект Строй» ЖЧКсы демөөрчү катары имаратты бекер оңдоп жатканын айтты.

«Министр иштеп, Исманкуловго окшогон коррупционерлер, шылуундар тартып алган имараттарды кайтарып бериши керек. Мен алыста болчумун. Келип билдим, бул жерде менсиз эле жумуш жасап жүргөн экен. Мен спортчумун да, мен менен жолуккандан коркуп жатат. Биз бардыгын мыйзамдуу кылдык. Мэрия имаратты оңдоо үчүн фирма менен келишим түзгөн. Адегенде сыртта, анан ичте жасашат», — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Министр ошондой эле Алмазбек Исманкуловдон клиниканын имаратын эле эмес, бардык жабдыктарын аларын билдирген.

«Мен анын медициналык жабдыктарын алып кетүүгө аракет кылам, анткени ал ага тиешелүү эмес, алар мамлекетке таандык. Мен аны камоого, лицензиясын тартып алууга аракет кылам. Мен эмне десем, ошону кылам. Мүнөзүмдү билгендер дароо бошотуп коюшат. Мен бул ишти аягына чыгарам. Мени президент эле жумуштан алат», — деди ал.

YouTube video