Реабилитациялык борбордо мыйзам бузуулар аныкталды

Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борборунда бейтаптарга мөөнөтү өтүп кеткен дарылар, эскирген эт берилери аныкталды. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы маалымдады.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 28-ноябрында саат 13:20да улуттук борбордун кызматкерлери Базар-Коргон райондор аралык реабилитациялык борборуна келишкен.

Бирок, иш сапардын мыйзамдуулугу боюнча түшүндүрмө берилгени менен реабилитациялык борбордун директору Б.М. Жусуева борбордун кызматкерлерин мекемеге киргизген эмес. Мындан тышкары, директор мамлекеттик кызматкердин этикасын бузуп, уят сөздөрдү айткан.

Анын айтымында, улуттук борбордун кызматерлери «тез-тез профилактикалык текшерүүлөрдү жүргүзөт».

Белгилей кетсек, бул борборго 2022-жылы экинчи убактылуу профилактикалык баруу, 2022-жылдын 6-сентябрындагы комплекстүү визиттин жыйынтыгы боюнча борбор тарабынан аныкталган мыйзам бузуулар жоюлгандыгын текшерүү максатында уюштурулган.

Улуттук борбор 6-сентябрда төмөндөгүдөй мыйзам бузуу фактылары аныкталганын белгилейт:

— Дарылоо бөлмөсүнөн мөөнөтү өтүп кеткен 2 Антигриппин таблеткалары — жарактуулук мөөнөтү 2022-жылдын июлунда бүткөн. Ит мурун сиропу — мөөнөтү 2022-жылдын мартында бүткөн. Бонджигар сиропу жарактуулук мөөнөтү 2022-жылдын сентябрына чейин болгон;

— Бейтаптар жаткан палатада розеткасы жок электр зымы табылган, бул бейтаптардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч алып келет;

— Ашканадан, муздаткычтан жалпы салмагы 3 кг 25 граммды түзгөн чириген эт табылган. Ветеринариядан сертификат же сапат сертификаты болгон эмес. Администрациянын айтымында, электр энергиясы өчүрүлгөндө эт бузулган;

— Бейтаптардын ден соолугуна коркунуч келтирген кондитердик азыктарды кошпогондо, тамак-аш азыктарга тиешелүү сертификаттар болгон эмес;

— Сертификат боюнча Россияда өндүрүлгөн «Яшкино» кондитердик азыктары сатылып алынган, бирок иш жүзүндө администрация «Ак-Үн» ата мекендик продукциясын колдонот;

— Ашканада аптечка жок. Бул милдеттүү шарт;

— Азык-түлүк кампасында тамак-аш азыктары жок;

— Кир жуучу жайда кир жуучу журнал жок. Калган 12 кг (100 кг пакеттен) кир жуугуч порошок табылган, сатып алуу күнү 2021-жылдын 15-июнунда. Айына бейтаптардын саны 78ди түзөт, ошондуктан жуунуу өз убагында жүргүзүлсө, анда 100 кг порошок 1 жылдан ашык убакытка жетпейт. Жуунун үзгүлтүксүздүгүнүн бузулушу мүмкүн;

— Идиш жуугуч бөлүмдө хлорамин жок, ал сөзсүз түрдө 5% катышта болушу керек жана идиш жууганда колдонулушу керек;

— Борбордун кызматкерлеринин санитардык китептери жана инспекторлордун реестри менен таанышууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

1 Реабилитациялык борбордо мыйзам бузуулар аныкталды
4 Реабилитациялык борбордо мыйзам бузуулар аныкталды
6 Реабилитациялык борбордо мыйзам бузуулар аныкталды
7 Реабилитациялык борбордо мыйзам бузуулар аныкталды