Бажы кызматы мыйзам бузуу фактысын аныктады

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери тарабынан бажы мыйзам бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы Кореядан Кыргызстанга “О.К.” ЖЧКсынын дарегине Салык кодексинин 301-беренесине ылайык, КНС төлөөдөн бошотуу менен бетон сордуруучу атайын жабдуу алынып келген.

Кийинчерээк бажы кызматкерлери тарабынан аталган ишкана бажы органынын уруксатысыз жана тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, транспорт каражатын үчүнчү жактарга өткөрүп бергени аныкталды. Муну менен ишкана мамлекетке 279 миң 760 сом зыян келтирген.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.