Путин: Россияны согуш талаасында жеңүүгө мүмкүн эмес

Батыштын элитасы өзүнүн РФти алсыраткан сокку уруу максатын жашырган жок, бирок Россияны согуш талаасында жеңүүгө мүмкүн эмес. Бул тууралуу Россия лидери Владимир Путин Федералдык жыйынга жасаган кайрылуусунда айтты.

Кайрылуудан кадрларды RT алып жарыялады.

«Бул биз үчүн эмне? Демек, аягына чейин биротоло чыгуу дегендик. Тагыраагы, алар жер-жерде, өзүнчө болуп жаткан чатакты, глобалдуу каршылашуунун фазасына алып келүү ниетинде. Мунун баарын дал ушундайча түшүнүп, буга тиешелүү түрдө реакция кылабыз. Себеби, бул жерде кеп биздин өлкөнүн бүтүндүгү, анын өкүм сүрүшү туурасында болууда. Бирок алар Россияны согуш талаасында жеңүүгө мүмкүн эместигин билбей, аңдабай жатышат», — деди Путин.

Эске салсак, бул күндөрү Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча баштаган атайын операциясына бир жыл болот. Ал 2022-жылдын 24-февралында башталган.

РФ президенти Владимир Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режими тарабынан геноцидге кабылган элди коргоо» экенин айткан. Мамлекет башчынын айтымында, Донбасстагы «тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары» үчүн «Украинаны демилитаризациялап жана денацификациялап», аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.