Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев Бириккен күрөш дүйнөсүнөн 3 миң доллардан алышат

Кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков менен Эрназар Акматалиев 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 3-орунда болушту.

UWW билдиргендей, эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 70 кг салмак даражасында 40 упай топтоп 3-орунга жайгашты.

“Жылдызы жанып келе жаткан Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатында күмүш медалын тагынганына байланыштуу 40 упай чогултуп, 3 миң доллар акчасын алат”, – деп жазылат маалыматта.

Ал эми грек-рим стилиндеги балбан Жоламан Шаршенбеков 54 упай топтоп, 60 кг салмак даражасында 3-орунга жайгашты. 54 упайдан 16сын ал Токиодо өткөн олимпиада оюндарынан жыйнаса, андан кийинки дүйнө чемпионатында күмүш медалына ээ болуу менен рейтингде бийик орун алды. Демек, Шаршенбеков да тиешелүү түрдө 3 миң доллар акчасын алары кабарланды.