Чек арада абал туруктуу

Баткен облусундагы Дахма аймагында абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аймакта түн тынч өттү.

Эске салсак, кечээ саат 21:15тер чамасында аталган аймакта чек ара сызыгына жакын жерде Тажикстан тарабынан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарышкан.

Кийинчерээк кырдаалды тактоо үчүн жерине Кыргызстан менен Тажикстан тараптан чек ара заставаларынын начальниктери барып, ок аткандарды издөө боюнча сүйлөшүү жүргүзүшкөн.