Равшан Жээнбековдун жубайы камакта калтырылды

Бишкек шаардык сот Кемпир-Абад иши боюнча камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкын Алимбаеванын баш коргоо чарасын өзгөрткөн жок.

Буга чейин Биринчи Май соту аны УКМКнын СИЗОсуна 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Эске салсак, Салкын Алимбаева өткөн айдын аягында коррупцияга айыпталып кармалган. Кемпир-Абад иши боюнча кармалган анын жолдошу Равшан Жээнбеков муну кысым жана куугунтук деп атаган.

Буга чейин Равшан Жээнбековдун кайыненеси президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Көп өтпөй  Равшан Жээнбековдун кызы Каныкей англис тилинде чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтерине жана эл аралык уюмдарга видео кайрылуусун жарыялаган болчу.