Равшан Жээнбековдун жубайы үй камагына чыкты

Саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, соттук отурум бүгүн, 29-июлда болуп, УКМКнын тергөөчүсү Алимбаеваны үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирген. Сот өтүнүчтү канааттандырып, Алимбаеванын бөгөт чарасын өзгөрткөн. Ал тергөө маалында, тактап айтканда 24-сентябрга чейин үй камагында болот.

Эскерте кетсек, бүгүн, 29-июлда УКМК Салкынай Алимбаева жана башка адамдарга (анын ичинде кызмат адамдарына) карата козголгон кылмыш иши боюнча маалымат берген.

УКМК билдиргендей, Салкынай Алимбаева «Инфосистема» мамлекеттик ишканасындагы байланыштары аркылуу бизнес өкүлдөрүнө Бишкектеги эки кымбат жер тилкени ижарага алууга шарт түзүп берген. Ал үчүн Алимбаева ишкерлерден 500 миң доллар алганы айтылган.

Экспертизага ылайык, аталган эки жер тилкенин баасы 1 млрд 464 млн 383 миң сомду түзгөн. УКМК эки жер тилке мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толтурулганын билдирген.