Ысык-Көл облусунда 4 тургун «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун экстремисттик идеяларынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
«Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, 13-июлда сот тарабынан тыюу салынган аталган диний-экстремисттик уюмдун жактоочулары – Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А. өзүлөрүнүн мурда тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартты», — деп айтылат маалыматта.
Алар жарандарды бул диний-экстремисттик уюмдун тарапташтарынын мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого үндөгөн.
![whatsapp image 2023 07 31 at 09 14 19 1 Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/whatsapp_image_2023-07-31_at_09_14_19_1.jpeg)
![whatsapp image 2023 07 31 at 09 14 19 Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/whatsapp_image_2023-07-31_at_09_14_19.jpeg)
![whatsapp image 2023 07 31 at 09 14 18 1 Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/whatsapp_image_2023-07-31_at_09_14_18_1.jpeg)
![whatsapp image 2023 07 31 at 09 14 18 Ысык-Көлдө 4 тургун экстремисттик идеялардан баш тартты](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/07/whatsapp_image_2023-07-31_at_09_14_18.jpeg)