Таласта делегаттар Кадыр Кошалиевдин Элдик курултайдан кетишин талап кылышты

Талас облусунда Кадыр Кошалиевдин Элдик курултайдан кетиши тууралуу маселе көтөрүлдү. Бул тууралуу 24.kg жазды.

Маалыматка караганда, бүгүн 22-майда Элдик Курултайдын Талас облусу боюнча тарынын делегаттарынын жыйыны өткөн. Анда Кадыр Кошалиевдин качкын президент Курманбек Бакиевден маек алганына нааразы пикирлер айтылган.

Чогулушка Кошалиев өзү дагы катышып,кызматтан кетүүгө макул эместигин билдирген. Ал эми делегаттар Кошалиевге байланыштуу сунуштарын Элдик Курултайдагы Аксакалдар кеңешине жөнөтүшкөн.

Эске салсак, 15-майда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

Ал эми Кошалиев өз дарегине айтылган сындарга жооп берип, эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын айткан.