Аида Исатбек кызы: “Чехов атындагы жеке мектепте 2-класстын окуучусу сабалды”

Бишкектеги Чехов атындагы жеке мектепте 2-класстын окуучусу сабалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Аида Исатбек кызы билдирди.

Анын айтымында, баланы үч классташы математика сабагы учурунда сабап салган.

«Экөө кармап берип, бири урган. Окуучунун көк ала тактары бар, соттук-медициналык экспертизанын чечими чыккан. Мугалим ал убакта класста жок болгон. Маселени көзөмөлгө алгыла”, – деп эл өкүлү Билим берүү министрлигинин жетекчиси Каныбек Иманалиевге кайрылды.