ВИДЕО: Улукбек Карыбек уулу жол эрежесин бузду

Блогер Улукбек Карыбек уулуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн 16 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактарда билдирди.

Ал карама-каршы тилкеге чыгып кеткен.

Буга чейин соцтармактарга блогердин унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, коопсуздук курун тагынбаганы тартылган видео тараган.

Анын айтымында, жол эрежесин бузганы үчүн ал айып пул төлөө үчүн Милициянын кайгуул кызматкерлерин чакырган.

Ага карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн 15 миң сом жана кур тагынбаганы үчүн 1 миң сом айып пул салынган. Ал 1 миң сомдук айып пулду 30 күн ичинде 70%дык жеңилдик менен төлөй алат. Ал эми карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн андай жеңилдик каралган эмес.