Акыйкатчы Россияда кыргызстандык мигранттар убактылуу кармоочу жайда болду

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Россиянын Москва областындагы Сахарово кыштагындагы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге баргандыгы тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык,дал ушул жерде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат.
Мекемеде Акыйкатчы Россиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.


Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышты.
Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде баардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду.
Акыйкатчы институтунун, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын Элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти.
“Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды. Джамиля Джаманбаев аталган арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан биргелешип карала турганын белгиледи.
Кыргызстандын жарандарынын иштери боюнча материалга ылайык, аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган үчүн кармалышууда, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту мандатына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, тигил же бул жагдайлардан улам атайын мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгилеп өттү”, – деп айтылат маалыматта.


Андан кийин Джамиля Джаманбаева Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышты.

115 Акыйкатчы Россияда кыргызстандык мигранттар убактылуу кармоочу жайда болду
114 Акыйкатчы Россияда кыргызстандык мигранттар убактылуу кармоочу жайда болду