Бейтаптар ВИЧ борбору менен коомдук саламаттыкты сактоо институтун бириктирүүгө каршы болуп Акыйкатчыга кайрылышты


Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Саламаттык сактоо министрлигинен ВИЧ жана гепатит оорусу менен жашаган кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды.


“3-августта КРнын Акыйкатчы институтуна “ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөдөгү тармагы” жана “Гепатит менен күрөшүү” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү кайрылышкан. Алар Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна бириктирилишине байланыштуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин позициясына макул эместиктерин билдиришкен.
Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине бир нече ирээт аталган мекемелерди бириктирбөө өтүнүчү менен кайрылышкан, анткени бул ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Алар берген маалыматка таянсак, функционалга ылайык, жогоруда аталган эки мекеме биргелешип иш алып бара албайт”, – деп айтылат маалыматта.


Белгилей кетсек, 21-июлда аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна кошпоону талап кылып митингге чыгышкан.
Кийинчерээк, 27-июлда Саламаттык сактоо министрлиги бири-бирине кошулбай турганын маалымдаган.
Бирок ВИЧ жана гепатит менен ооруган адамдардын коомчулугунун өкүлдөрүнүн айткандарына таянсак, Саламаттык сактоо министрлиги эки мекемени бириктирүү жөнүндө буйрукту кайра артка кайтарган эмес.
Акыйкатчы институту КРнын Саламаттык сактоо министрлигине бул маселе боюнча расмий билдирме жөнөткөн.
11-августта Саламаттык сактоо министринин орун басары жообун берип, эки мекемени бириктирүү боюнча чечим өкмөттүн программасына ылайык кабыл алынганы айтылат.
Саламаттык сактоо министрлигинин жообу:
“Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтун түзүү КРнын өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 “Саламаттыгы чың адам – гүлдөгөн өлкө” деп аталган 2019-2030-жылдар үчүн калктын саламаттыгын коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик Программасын аткаруунун негизинде болгон. Ооруларды алдын алуу, эпидемиологиялык көзөмөл, саламаттыкты сактоо жана чыңдоо боюнча тейлөөлөрдү жакшыртууну камсыздоо жана анын негизги функцияларын кеңейтүү менен коомдук саламаттыкты сактоо кызматын жаңылоо керек.
КРнын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 токтомун аткаруу менен Саламаттык сактоо министрлиги Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун жетекчилигин КРнын юстиция органдарында мыйзамдарда каралган мөөнөттүн аралыгында кайра каттоодон өткөрүүнү милдеттендирген. Саламаттык сактоо министринин тиешелүү буйругу 2023-жылдын 20-июлунда № 875 номери менен кабыл алынган”,-деп айтылат министрдин орун басарынын расмий жообунда.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылат жана ВИЧ, гепатит менен жашаган тараптардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылат.
Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасында ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүүнү улантат.