Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу “Азаттык” жазды.
![rahat 1024x685 1 Төрт пансионатты Кыргызстан Өзбекстанга башкарууга берет](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/08/rahat-1024x685-1.jpg)
Маалыматка караганда, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө.
«Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат»,-деп жазылат маалыматта.
Эске салсак, өкмөт 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген.