Бостериде милиция жоголуп кеткен 3 жашар кызды тапты

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, милицияга Чүй облусунан келген эс алуучу кайрылган. Анын айтымында, жубайы 3 жашар кызы менен дүкөнгө барып, ал жерден кызын жоготуп, таппай калган. Өз алдынча издеп, таба алышкан эмес.

Кайрылуу түшкөндөн кийин милиция кызматкерлери издөө иштерине киришип, 2 саттан кийин кызды табышкан.

«Жоголгон кызды тез аранын ичинде табуу үчүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамы тартылган. Издөө иштери көп кабаттуу үйлөрдө, жеке секторлордо, эс алуу бактарында жана пляждык аймактарда уюштурулган. Эки сааттык издөө иштеринин натыйжасында жоголгон кыз табылып, ата-энесине кайтарылып берилди», — деп айтылат маалыматта.