Ташиев блогерге калпак кийгизип, камчы белек кылды

Бүгүн,17-августта УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

Ташиев Анатолий Разгоняевдин Кыргызстанда кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын жогору баалаарын белгилеп, патриоттук духта блогердик ишмердигин улантылышы керектигин айткан.

«Көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жараны, кайсыл улуттун өкүлү экендигине карабастан Кыргызстанды чын дилден сүйүүгө, анын ар тараптуу өнүгүшүнө жардам берүүсү керектигин, бул багытта блогер Анатолий Разгоняев сыяктуу жарандардан үлгү алууга болоорун кошумчалады. Камчыбек Ташиев блогер Разгоняевге белек катары колуна камчы карматып, башына ак калпак кийгизди»,-деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Разгоняев А.В tolik_kyrgyz1 аталышындагы Тик-ток тиркемесинде кыргыз тилинде ишмердүүлүк алып барат.

366708905 713783124095925 4978059863747905302 n Ташиев блогерге калпак кийгизип, камчы белек кылды