Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдө ультратриатлон боюнча кайра ийгилик жаратты

Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 5-август күнү милиция кызматкери Жумабек уулу Султан ультратриатлондун биринчи этабын саат 13:00до баштап Чолпоп-Ата шаарынан Бостери айыл аймагына чейинки белгиленген 13 чакырым аралыкты эс алуусуз сүзүп өткөн. Жумабек уулу Султан 13 чакырым аралыкты 4 саат 35 мүнөттө сүзүп өткөн.
Спорттук иш-чаранын 2-этабын 7-август күнү баштап, саат 7:20да Чолпон-Ата шаарынан Ысык-Көл облусунун түштүк тарабындагы Шор-Булак айылына чейинки белгиленген 340 чакырым аралыкты эс алуусуз велосипед тээп өткөн. Спортчу кызматкерге 50 чакырым өткөн сайын тамактанууга 1 мүнөт 30 секунд убакыт берилген. Бирок ал убакыттарын колдонбой велосипедди тынымсыз тээп, 340 чакырым аралыкты токтобостон 11 саат 10 мүнөт 9 секунтта келген.


Спорттук иш-чаранын 3-этабы 8-август күнү саат 15:00 чамасында Чолпон Ата шаарынан старт алып, Тору-Айгыр айыл аймагына чейин 52 чакырым аралыкты чуркап өткөн. Чуркөө убактысына ар бир 10 чакырым өткөн сайын спортчу кызматкерге тамактануусуна жана муктаждыгын чечүүгө 1 мүнөт 30 секунд убакыт берилген. Бирок спортчу ал убакыттарын толук колдонбостон 52 чакырым аралыкты 5 саат 31 мүнөт 15 секундда чүркап өткөн.
Бул өткөрүлгөн спорттүк иш-чарага Ысык-Көл облустук жаштар жана дене тарбия, спорт башкармалыгы жетекчилик кылып, спортчунун коопсуздугун көзөмөлдөп жүрүүчү команда менен өткөрүлгөн.


Спортчунун айтымында, ал Кыргызстандагы спортчулар арасында рекорд жаратканына болгон далилдер бар. Ал GPS картасы бар видеокамера менен камсыздалып, жана “Гармин” кол сааты менен толук жазылып текшерүүдөн өткөн.

51680955 7691 42a9 b62f a2a0d6c2b1cd Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдө ультратриатлон боюнча кайра ийгилик жаратты
3725b15e 6a11 43cf ae6b a6ad66bcfde5 Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдө ультратриатлон боюнча кайра ийгилик жаратты
388392f9 8b7f 4064 9fa0 f13d27ce2f0c Милиция кызматкери Жумабек уулу Султан Ысык-Көлдө ультратриатлон боюнча кайра ийгилик жаратты