Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны канча?

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны боюнча маалымат берди.

Сейрек кездешүүчү жаныбарлар жөнүндө маалыматтар аркар, марал, ак илбирс, сүлөөсүн жана аюулардын саны боюнча берилген:

– Марко Поло аркарлары — 18 092;
– сүлөөсүндөр — 1 789;
– маралдар — 710;
– аюулар — 595;
– ак илбирстер — 449.

rys Кыргызстанда Кызыл китепке кирген жаныбарлардын саны канча?