Түркияда сапатсыз курулуш иштери боюнча 182 киши камакка алынды

Түркияда 6-февралдагы катуу зилзаладан имараттардын кыйрашы боюнча 182 киши кармалып, 400дөн ашуун киши шектүү катары эсептелип жатат.

Associated Press маалымдагандай, негизинен алар – үйлөрдү курган компаниялар, имараттардын ээлери же жетекчилери. Түркиянын юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, кармалгандардын арасында бир шаардын мэри да бар.

Эксперттер кыйраган имараттардын көбүндө сапатсыз курулуш материалдары колдонулуп, мамлекеттик стандарт сакталбаган болушу мүмкүн экенин белгилешүүдө.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн өлгөндөрдүн жалпы саны 50 миңге чамалады.