Буту муздаткычтан табылды, башы изделүүдө: Гонконгдо атактуу модел киши колдуу болду

Кытайдын Гонконг шаарында атактуу моделдин өлүмүнө шектелип, анын мурдагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу CNA порталы жазды.

Маалыматка ылайык, 28 жаштагы Эбби Чойдундун сөөгүнүн калдыктары мал союучу жайга айланган үйдөн табылган. Тинтүү учурунда ал жерден электр араа жана эт туурагыч табылган. Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, табылган буюмдар адамдын сөөгүн майдалоо үчүн колдонулган.

“Кылмыш болгон жерден «адамдыкы болушу мүмкүн» деген эки казан бышкан эт табылган.Бирок аялдын башы азырынча табыла элек», – деп айтылат маалыматта.

Ал эми шектүү кылмышын жашыруу үчүн шаардан качып кетүүгө аракет кылып жаткан учурда милиция кызматкерлери кармаган.

Буга чейин бул иш боюнча айыпталып жаткан анын ата-энеси жана агасы да кармалган.

“Биз маркумдун мурунку күйөөсүнүн үй-бүлөсү менен ири суммадагы акчанын айынан пикир келишпестиктер болгон деп эсептейбиз”, – деп айтылат милициянын маалыматында.

model Буту муздаткычтан табылды, башы изделүүдө: Гонконгдо атактуу модел киши колдуу болду