Кытайдан алган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө Кыргызстан үчүн пайдасыз

Кытайдан алынган насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөө Кыргызстан үчүн пайдасыз. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын өкмөтү менен Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосунда 2008-2015-жылдары түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарына ылайык, кредитти мөөнөтүнөн мурда кайтарган учурда карыз алуучу кредиторго 1% өлчөмүндө комиссия төлөп берет. Келишимде графикте көрсөтүлгөн күндөн тартып, акыркы датасына чейин чегерилген каражат толук төлөнүп берилүүсү шарт.

«Ушуга байланыштуу кредитти мөөнөтүнөн мурда жабуу республикалык бюджетке олуттуу жүк болуп, кошумча чоң чыгымдарды талап кылат. Тактап айтканда, кыргыз тарап үчүн экономикалык жактан Кытай Эксимбанкына тышкы насыяларды мөөнөтүнөн мурда жабуу пайдасыз», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, КР ресурстары жетиштүү жана мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө республикалык бюджетте каражаттар толук көлөмдө каралган. Учурда мамлекеттик карызды тейлөө өз убагында жүргүзүлүүдө.