Лос-Анжелестеги фестивалда «Келин таш» тасмасы эки сыйлыкка татыды

Кыргызстандык «Келин таш» тасмасы Лос-Анжелестеги аялдардын көз карандысыз кинофестивалында эки сыйлык утту. Бул тууралуу Кинематография фондунан билдиришти.

Маалым болгондой, кыргызстандык режиссер Гүзел Дүйшөнкулованын тасмасы «Мыкты кыска метраждуу көркөм тасма» жана «Мыкты аял режиссер» наамында жеңүүчү болгон.

Сынак ар бир эки айда өткөрүлүп, кинофестивалга аялдардын ою, тагдыры, жашоо шарты, көз карашына байланыштуу темаларды камтыган тасмалар катышат.