“Хоргос” эл аралык борбору кайрадан иштей баштайт

Казакстан Кытай тарап менен сүйлөшүп, андан улам эки өлкөнүн чек арасындагы “Хоргос” эл аралык борбору кайрадан иштей турган болду. Бул туурасында Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов билдирген.

“Хоргос” чек ара аймагындагы кызматташууда эл аралык борбор катары кызмат кылып, деңиздик логистикалык хаб сымал каралып келген.

Эске салсак, бул борбор COVID-19 пандемиясы башталганда ишин токтоткон.