Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү былтыр 3 млрд 678 млн долларды түзгөн

2022-жылдын 11 айында Кыргызстан менен Кытайдын соода жүгүртүүсү 3 млрд 678 млн долларды түзгөн, анын ичинен экспорт — 52 млн доллар, импорт — 3 млрд 626 млн долларга жеткен. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматында айтылат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдын КРдагы элчиси Ду Дэвень менен жолугушуу учурунда ганттык долбоорлордун алкагында ишке ашып жаткан Отводной Чүй каналы-2 (ОЧК-2) курулушун 2023-жылдын жазында баштоо, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу үчүн 2023-жылдын июнь айына чейин талаа изилдөө жана техникалык-экономикалык негиздемелерди аягына чыгаруу зарылдыгы айтылды.

Ду Дэвень кытайлык керектөөчүлөрдүн Кыргызстандан экологиялык жактан таза продукцияга болгон суроо-талабын эске алуу менен Кыргызстандын айыл чарба продукциясын Кытайдын рыногуна жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

«Буга байланыштуу Кытай тараптан Кыргызстандын экспортчуларына жеткирүүлөрдү көбөйтүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр», — деди ал.

2021-жылы Кыргызстандын экономикасына Кытайдан 233 млн доллардан ашуун түз инвестиция келген. 2022-жылдын январынан сентябрына чейин — 219 млн 701 миң долларды түзгөн.

«Ошондой эле, “Торугарт“ жана “Эркечтам“ өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши биздин өлкөлөр ортосундагы өз ара сооданы мындан ары жогорулатуунун негизги фактору болуп саналат», — деди Төрөбаев.