Депутат өлкө ичинде сом менен гана соода жүгүртүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Айсара Абдибаева Кыргызстандын ичинде сом менен гана соода жүгүртүүгө милдеттендирген мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына коомдук талкууга коюлду.

Автордун айтымында, Кыргызстанда акча массасынын түзүмү жана сомдун жүгүртүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү абдан чоң роль ойнойт, бардык экономикалык процесстерге олуттуу таасирин тийгизет. Ошондуктан улуттук валютанын статусун мыйзамдык жөнгө салуу, акча жүгүртүү тартибин белгилөө жана мамлекеттин акча-кредит саясатынын негиздерин аныктоо зарылдыгы бар.

“Азыркы учурда республикада ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автоунаа, кредиттер, турларды уюштуруу чет элдик валютада ишке ашып жатканы байкалууда. Бул биздин улуттук валютабыз сомго басымдын күчөшүнө өбөлгө түзүп жатат. Насыя берүү системасында турак жайды бөлүп төлөп сатып алууда өлкөдө валюта курсу кескин өзгөргөндө же жасалма түрдө көтөрүлгөндө жарандар карызын төлөөдө кыйынчылыктарга туш болушат. Ушуга байланыштуу улуттук валютанын статусун күчөтүү, өлкө ичинде сооданы сом менен гана жүргүзүү милдеттендирилип жатат. Ал эми чет өлкөлүк валютадагы киреше жана чыгашасы бар субъектилер экспорт жана импорт менен байланышкан соода ишин башка валютада жүзөгө ашыра алат”, — деп жазылат долбоордун негиздемесинде.

Ошондой эле демилгечи интеграциялык процесстерди эске алуу менен сом алтын запастары менен эл аралык деңгээлдеги жүгүртүүгө ээ боло аларын жазган.