ВИДЕО: Кара-Суу районундагы “Боорукердик үйү” өрттөндү

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Боорукердик үйүндө” өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июлда саат 19:36да Төлөйкөн айыл өкмөтүндөгү Дыйкан-Кыштак айылынын Фергана көчөсүндө өрт чыккандагы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө саат 19:36да №12 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 19:50дө чектөөгө алынган өрт саат 21:11де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон Ош шаардык “Боорукердик үйүнүн” 198 чарчы метр аянтындагы 3 шкаф, 4 матрац, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.