Экскаватору менен Нарын дарыясына түшүп кеткен 68 жаштагы киши изделүүдө

Нарындын Куланак айылында экскаватору менен Нарын дарыясына түшүп кеткен 68 жаштагы киши изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Окуя 2-июлда болгон. Саат 15:22 чамасында Куланак насостук станциясынын башкы курулмасындагы суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жаткан кезде Ө.Ү. аттуу айдоочу экскаватору менен шар аккан сууга түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам беш куткаруучу тартылган.

“Буга кошумча Нарын РИИБден үч кызматкер, суу чарба башкармалыгынан 12 кызматкер, бир жүктөгүч, бир КамАЗ, экскаватор тартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иштери токтотулуп, бүгүн таң эрте кайра уланды.